Бишкек менен Ошто 78 жеке клиника жабылып, 4,5 млн сомдон ашык айып пул салындыӨкмөт башчы Алтайга жумушчу сапар менен бардыМыйзам бузуу аныкталды: Бишкек менен Ошто 78 жеке клиниканын иши убактылуу токтотулдуБишкектин тургунунун 12 миллион сомцн алдоо жолу менен алган шектүү кармалдыОрусияда 49 адамды ташып бараткан Ан-24 учагы кыйрадыКыргызстанда жай мезгилинде электр керектөөнүн жаңы рекорду катталды
Умбриэль Темиралиев жаңы кызматка дайындалды
08.09.2023 | 11:58
Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин мурдагы жетекчиси Умбриэль Темиралиев “Бишкек” эркин экономикалык аймагынын башчысы болуп дайындалды. Тиешелүү чечимге министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров кол койгон.
Эскерте кетсек, 7-сентябрда Садыр Жапаровдун жарлыгы менен Умбриэль Темиралиев Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директору кызматынан бошотулган. Ал аталган кызматты 2022-жылдын 26-сентябрынан бери жетектеди.
Ал эми буга чейин “Бишкек” эркин экономикалык аймагынын башчысы болгон Алмамбет Шыкмаматов 5-сентябрда Мамлекеттик ипотекалык компаниясынын жетекчилигине дайындалган.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз