Унааны айдап качып, интернет аркылуу башкага алмаштырып жиберишкен. Ноокатта эки жигит кармалды

12.01.2026 | 13:02

Оштун Ноокат районунда 22 жана 18 жаштагы жигиттер автоунаа айдап качууга шектелип кармалышты. Бул тууралуу Ош облустук ички иштер башкармалыгы билдирди.

Ноокат райондук милициясына жаран кайрылып, анда ал 2025-жылдын 1-декабрына караган түнү үйүнүн алдында токтоп турган ВАЗ 2107 үлгүсүндөгү автоунаасын белгисиз адамдар айдап качып кетишкенин билдирген.

Бул боюнча Кылмыш-жаза кодексинин «Автомототранспорт каражаттарын айдап качуу» беренесинин негизинде иш козголгон.

Тергөөнүн жүрүшүндө шектүүлөр аталган автоунааны соцтармактарга жарнамалап, башка автоунаага алмаштырып жибергендиги аныкталган.

Милиция кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү катары 22 жаштагы М.Н. жана 18 жаштагы Т.М.аттуу жарандар кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда тергөө уланууда.

Scroll to Top