Азия чемпионаты: Эркин күрөш боюнча кыргызстандык төрт балбан коло медаль уттуСадыр Жапаров «Дордойдун» ээсин сынга алып, түштүктөгү базарларында реформа жарыяладыТрамп Ормуз кысыгын бөгөттөөгө буйрук берди – ИРСК жооп кайтардыКыргызстан түрк мамлекеттери менен санариптик экономика боюнча макулдашууну ратификациялайтӨкмөт башчы Адылбек Касымалиев иш сапары менен Вашингтонго бардыВенгриядагы шайлоо. Учурдагы премьер-министр Орбан жеңилүүгө учурады
Ушул дем алышта Ысык-Көлдөн Бишкекке келе жаткан унаалардын саны 110 миңден ашты
04.08.2025 | 09:22
Ысык-Көлдөн Бишкек шаарына келе жаткан унаалардын саны 110 миңден ашты. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы (ЖКККББ) билдирди.

Маалыматка ылайык, жума жана ишемби күндөрү Ысык-Көл облусуна болжол менен 110 миңден ашуун унаа кирген. Ал эми кечээ, жекшемби күндүн соңунда, ошол эле унаалар кайра Бишкек шаарына Бишкек-Балыкчы жана Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолдору аркылуу кайтып келишкен.
ЖКККББ шаарга кирип жаткан унаалардын көптүгүн эске алуу менен бардык айдоочуларга жол эрежелерин кынтыксыз сактоону эскертет:
- Жолдо катуу ылдамдыкта айдабоо;
- Каршы тилкеге чыкпоо;
- Жол жээктерине токтобоо;
- Унааны өз багыты менен гана башкаруу.
Рубрики: Жаңылыктар