Футбол боюнча Улуттук курама команданын капитаны Валерий Кичин Орусиянын «Енисей» командасы менен бир жылдык келишим түздү. Бул тууралуу «Енисей»футболдук клубу расмий билдирүү таркатты.
Ага ылайык, 27 жаштагы коргоочу «Енисей» менен 1 жылдык келишимге кол койгон.
Валерий Кичин буга чейин «Енисей» командасында 2016-2019-жылдары ойноп 86 беттеште өткөрүп, 6 гол киргизген.
2019-жылдагы сезондун жыйынтыгы менен Кичинди «Енисейдин» күйөрмандары команданын мыкты оюнчусу деп тапкан.
Кыргызстандык футболчу буга чейин Москванын «Торпедо» командасында ойноп келген.