Венгриядагы шайлоо. Учурдагы премьер-министр Орбан жеңилүүгө учурады

13.04.2026 | 09:42

Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан өлкөдөгү шайлоодо жеңилүүгө учурады. Ал парламенттик шайлоонун алдын ала жыйынтыктарын өзүнүн партиясы үчүн “оор” деп атады.

Добуштардын 95,63 пайызы саналгандан кийин оппозициялык “Тиса” партиясы 199 орундун 137син алууда. Орбан жетектеген бийликтеги “Фидес” — Христиан-демократиялык элдик партиясы альянсында 55 орун, ал эми ашынган оңчул “Биздин мекен” партиясында дагы жети орун бар.

Тарапташтарынын алдында сүйлөп жатып, ал шайлоонун жыйынтыктары акыркы болбосо дагы, баары түшүнүктүү экенин айтты.

Орбан “Тиса” партиясын жеңиши менен куттуктап, “Фидес” оппозицияда калса да өлкөгө кызмат кылууну уланта берерин билдирди.

Өз кезегинде жеңишке жеткен “Тиса” партиясынын лидери Петер Мадьяр Венгрия кайрадан ЕБ (Европа Биримдиги) менен НАТОнун күчтүү жана ишенимдүү өнөктөшү болорун айтты.

Эскерте кетсек, жекшемби күнү Венгрияда парламенттик шайлоо өтүп, өлкө тургундары 199 депутатты шайлашты. Акыркы маалыматтар боюнча, шайлоочулардын катышуусу рекорддук көрсөткүчкө – 77,8 пайызга жетип, 2022-жылдын жыйынтыгынан ашып түштү. 5,8 миллиондон ашык адам добуш берди. Мурунку шайлоодо ушул маалга карата шайлоочулардын катышуусу 67,8 пайызды түзгөн.

Scroll to Top