Жетим тоо кенин тегерегинде болуп жаткан чуу боюнча өкмөт үйүндө маалымат жыйын өтүүдө. Анда вице-премьер-министр Максат Мамытканов Өкмөткө карата орунсуз каралоолор жүрүп жатканын, Жетим тоо сатылбагандыгын айтты.
«Өкмөт Жетим тоону сатып жиберди деген кептер тарап жатат. Биз чыккынчы болгон эмеспиз. Тескерисинче чыккынчыларды жоопко тарта турган убак келди. Жетим тоо кенин эч ким саткан жок. Биз аны кантип иштете алабыз, жаңы иш орундарды түзүп, кыргыз экономикасына кантип пайда бере алабыз деп ойлонуп жатабыз. Бүт кен байлыктарды жаңыча, иштетебиз. Мурункудай кендерди аукциондо ит бекер сатмай токтойт. Кендердин үзүрүн кыргыз эли көргөндөй кылалы деген максаттар бар. Мындай каралоолорду көтөрүү оор экен, бирок көтөрөбүз. Өкмөттү чыккынчы дегендер абайлагыла. Жетим тоону эч ким саткан эмес, биз чыккынчы эмеспиз», — деди Мамытканов.