Видео — Айпери Медет кызы дүйнө чемпионатында коло медаль тагынды
1.11.2019 10:52
Кыргызстандык спортчу Айпери Медет кызы эркин күрөш боюнча 23 жашка чейинки балбандар арасындагы дүйнө биринчилигинде коло медалга ээ болду.
Венгриянын Будапешт шаарында өтүп жаткан мелдеште Айпери 76 килограмм салмактагы спортчулар арасында күч сынашты.
Биргелешкен күрөш дүйнөсү уюмунун сайтындагы маалыматка караганда, Медет кызы 1/8 финалда кыргызстандык спортчу Италиянын балбаны Энрика Риналдини, чейрек финалда Канаданын өкүлүн уткан.
Жарым финалда япониялык спортчу менен беттешип, 3:8 эсебинде утулуп калды.
Коло медаль үчүн күрөштө ал Моңголиялык спортчу менен беттешип, 12:8 эсеби менен жеңишке жетип, дүйнө чемпионатында коло медаль тагынды.
REPORTER.KG маалымат агенттиги. Бардык укуктар корголгон. Сайтта келтирилген материалдарды көчүрүп алуу басмакананын уруксаты менен жана булакка активдүү гипершилтемени милдеттүү түрдө көрсөтүү менен гана мүмкүн болот.