ВИДЕО— Бишкектеги ЖККУнун саммити: Кадр артындагы кызыктуу көрүнүштөр
2.12.2019 14:25
Орусиянын “Россия 1” телеканалы Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишими Уюмунун Кыргызстанда өткөн саммитинин кадр артында калган учурлары тууралуу көрсөтүү даярдаган.
Көрсөтүү Орусиянын президенти Владимир Путиндин учагы “Манас” аэропортуна коюу туманга карабай конгону менен башталат. Андан ары саммитке карата даярдыктардын жүрүшү жана президенттердин кол тамгаларынын сүрөтүн Армениянын премьери Никол Пашиняндын телефонуна тартып алышы ж.б. кызыктуу көз ирмемдер баяндалат.
Белгилей кетсек, ЖККУ жыйыны 28-ноябрда Кыргызстандын төрагалыгы астында өткөн. Ага Сооронбай Жээнбеков, Беларустун президенти Александр Лукашенко, Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев, Орусиянын президенти Владимир Путин, Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон, Армениянын премьер-министри Никол Пашинян жана ЖККУнун башкы катчысынын милдетин аткаруучусу Валерий Семериков катышты.
Уюмдун алкагында мындан аркы кызматташтыкты бекемдөөгө багытталган 15 документке кол коюлган.
REPORTER.KG маалымат агенттиги. Бардык укуктар корголгон. Сайтта келтирилген материалдарды көчүрүп алуу басмакананын уруксаты менен жана булакка активдүү гипершилтемени милдеттүү түрдө көрсөтүү менен гана мүмкүн болот.