Орусия менен Казакстандын чек арасына жакын жердеги Оренбург—Акбулак унаа жолундагы жол кырсыгынан 4 кыргыз жараны каза болду. Аталган маалыматты Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги тастыктады.
Кырсык бүгүн, 8-декабрда эртең менен болгон.
Жергиликтүү басылмалардын маалыматы боюнча, «Мерседес» жана «Форд Транзит» унаалары сүзүшкөн. Кырсыктан кийин овтоунаалар өрттөнүп кеткен.
Полиция кырсыктын кесепетинен 4 адам каза болгонун билдирген. Дагы 4 адам оор абалда ооруканага жеткирилген.
Кыргызстандын элчилигинен билдиргендей, учурда Оренбургдагы консулдук кыргыз жарандарынын жакындарын издеп жатат. Жабыркаган 4 адамдын үчөө кыргыз жарандары.