Визуалдык тартип бул капитал: Борбор Азиянын шаарларына дизайн-код эмне үчүн керек?

02.03.2026 | 10:33

Кыргызстан курулуш тармагы дүркүрөп өсүүнү баштан кечирүүдө: Бишкектин тыгыз курулушунан баштап, “Асман” эко-шаарын куруу боюнча ири долбоорлор жана Ысык-Көлдүн курортторун оңдоп-түзөөгө чейин. Бирок башаламан курулуш жана визуалдык ызы-чуу көп учурда туруктуу өнүгүүгө тоскоолдук кылат. Шаарды кантип натыйжалуу башкарса болот жана азыркы тапта эмне үчүн дүйнөлүк көрктөндүрүү стандарттары регион үчүн өтө зарыл экендиги тууралуу Reporter.kg басылмасына менен болгон маегинде эл аралык  Atlas бюросунун негиздөөчүсү Александра Ситникова айтып берди.

— Сиздин бюро жакында эле Алматынын тышкы жарыктандыруу боюнча мастер-планын, ал эми ага чейин Жаңы Ташкенттин дизайн-кодун аяктады. Бишкекте бүгүнкү күндө шаардын сырткы көрүнүшү боюнча, жарнактардан тартып, имараттардын бийиктигине чейин кызуу талкууланууда. Кесиптик чөйрөдө дизайн-код деген термин көп айтылат. Бул жөн гана кооз фасаддар тууралуу эрежелердин жыйындысыбы же андан да чоң маанини туюндурабы?

— Бул кеңири тараган ката түшүнүк. Дизайн-код бул декор эмес, аймакты стратегиялык башкаруу. Ал архитектуралык көрүнүштү, коомдук мейкиндиктерди жана визуалдык чөйрөнү калыптандырууну жөнгө салуучу документ. Ал фасаддар, навигация, жашылдандыруу, атүгүл инженердик элементтер боюнча стандарттарды бириктирет.

Бирок эң негизгиси, бул баланс инструменти. Лондондо, Нью-Йоркто же Сингапурда дизайн-коддор мамлекеттин, тургундардын жана иштеп чыгуучулардын кызыкчылыктарын бир алкакка келтирүүчү механизм. Бизнес үчүн бул оюндун ачык эрежелери, сиз талаптарды башында эле түшүнөсүз, демек, макулдашуулардан тезирээк өтүп, тобокелдиктерди азайтасыз. Шаар үчүн болсо, бул Кыргызстанда азыр байкалып жаткан кескин өсүш шартында чөйрөнүн бүтүндүгүн сактап калуунун жолу.

— Бул тажрыйба бизде канчалык ыңгайлуу? Азыр өлкөдө жаңы “Асман” шаары долбоорлонуп жатат, Каракол жана Ысык-Көлдүн жээги жигердүү өнүгүүдө. Аларга ушундай эрежелер керекпи?

— Алар өтө маанилүү. Бүгүнкү күндө Борбор Азияда жана MENA (Жакынкы Чыгыш жана Түндүк Африка) чөлкөмүндө 35ке жакын жаңы шаар курулары айтылган. Так ушундай шаарларды нөлдөн баштап курууда кооз концепция менен башаламан ишке ашыруунун ортосунда ажырым пайда болуу коркунучу бар.

Кыргызстан азыр жигердүү өсүү фазасында турат. Бишкек курулуштардын тыгыздыгы жана мейкиндиктин бөлүнүшү менен бет келүүдө. Өлкөдөгү туристтик кластерлер ыкчам өнүгүп жатат. Бирдиктүү архитектуралык тилсиз, жаратылыш ландшафтын коргой турган бийиктик жана материалдар боюнча регламенттерсиз, инвестицияны өзүнө тартып турган ошол өзгөчөлүктү жоготуп алуу мүмкүн. Регламент долбоордун философиясын мастер-пландан баштап, аны колдонууга бергенге чейинки бардык процессте сактоого мүмкүндүк берет.

— Сиздин бюро коңшу өлкөлөрдө масштабдуу долбоорлорду ишке ашырды. Алматыны алсак, ал жерде эмнелер жасалды?

— Казакстанда «Бiз – Алматы» комплекстүү көрктөндүрүү программасынын үстүндө иштедик. Биз жөн гана сунуштамаларды эмес, төрт китептен турган бүткүл стандартты иштеп чыктык. Бул көчөлөрдү долбоорлоо, эс алуу зоналары, чакан архитектуралык формалар каталогу жана эксплуатация боюнча колдонмо.

Кооздукту түзүү жетишсиз, аны кантип сактоо керектигин түшүнүү зарыл. Алматы үчүн биз шаардын чекиттик эмес, системалуу түрдө өзгөрүшүнө шарт түзгөн системаны калыптандырдык. Бул муниципалитетке ар бир объектти кол менен башкаруудан алыстоого жардам берген даяр чечим.

— Андан да масштабдуу долбоор «Жаңы Ташкент». Өзбекстанда азыр бүтүндөй спутник-шаардын курулушу жүрүп жатат. Сиздердин регламент ал жерде кандай иштеп жатат?

— «Жаңы Ташкент» КМШ өлкөлөрүндөгү эң дымактуу шаар куруу долбоорлорунун бири. Биз “Жаңы Ташкент Атласы” аттуу беш томдук документтер комплексин түздүк. Бул чечимдер китепканасы: бийиктик, курулуш аралык, фасад боюнча эрежелерден тартып, материалдардын техникалык паспорттору жана куруучулар үчүн чек-листтерге чейин камтыйт.

Биз курулуштун 15 морфотибин жана 7 чөйрөлүк зонасын бөлүп көрсөттүк. Бул бир түрдүүлүктөн качууга мүмкүндүк берет: шаар ар түрдүү, бирок гармониялуу болот. Биз ал жакка салттуу элементтерди — панжараларды, арыктарды, көлөкө түшүрүүчү бастырмаларды киргизип, бирок аларды заманбап технологияларга ылайыкташтырдык. Бул ысык климатта жылуулук аралы эффектисин азайтат. 

— Кыргызстанда бизнес көбүнчө эрежелерди чектөө катары кабыл алат. Дизайн-код  иштеп чыгуучуга же жеке инвесторго эмне берет?

— Тескерисинче, бул инвестицияны коргоо. Долбоордун иштеп чыгуучулары сапаттуу объект куруп жатканда, жолдун каршысында башаламан базар же айлана-чөйрөгө такыр төп келбеген имарат пайда болсо, биринчи имараттын баасы түшөт. Дизайн-код сиздин долбоордун тегерегиндеги чөйрө алдын ала айтылгандай жана иреттүү өнүгөрүнө кепилдик берет.

Мындан тышкары, биз ар дайым экономиканы эске алабыз. Биз локалдык рынокту талдайбыз: кайсы материалдар жергиликтүү өндүрүштө бар, эмнени оңой жана арзан эксплуатациялоо мүмкүн. Дизайн-код бул кымбат импорттук чечимдердин тизмеси эмес, бул экономикалык максатка ылайыктуулукка негизделген матрица. Бул «win-win» (эки тарап тең утушта): шаар тартипке ээ болот, ал эми бизнес түшүнүктүү жана өтүмдүү продукт алат.

— Жыйынтыктап айтканда, Бишкекте же Ысык-Көлдө мындай стандарттарды киргизүүнү эмнеден баштоо керек?

— Дизайн-код модалуу тренд эмес, өндүрүштүк зарылчылык экенин түшүнүүдөн баштоо керек. Кыргызстан үчүн бул уникалдуу жаратылыш жана маданий контекстти сактап калуунун жана аны туруктуу брендге айлантуунун жолу. Чекиттик жакшыртуулардан программалык мамилеге өтүү зарыл, мында парктагы отургучтан баштап, мейманкананын фасадына чейинки ар бир чечим өлкөнүн жалпы өнүгүү стратегиясы үчүн иштеши керек.

Reporter.kg досьеси

Atlas аймактарды өнүктүрүү боюнча эл аралык бюро. Мастер-пландар, архитектуралык регламенттер жана шаарларды өнүктүрүү стратегиялары боюнча адистешкен. Бюронун негиздөөчүсү Александра Ситникова 2014–2016-жылдары Москвадагы «Менин көчөм» (Европадагы эң ири көрктөндүрүү долбоору) программасынын долбоордук кеңсесин жетектеген. Борбор Азияда бюро Алматы үчүн стандарттарды жана Британиянын Cross Works компаниясы менен өнөктөштүктө «Жаңы Ташкенттин Атласын» иштеп чыкканы менен белгилүү.

Scroll to Top