Бишкектин «Мурас Ордо» конушунда 29-октябрда ичүүчү суу убактылуу өчүрүлөтСадыр Жапаров Түркияга иш сапары менен баратАйпери Медет кызы Астанадагы Дүйнө чемпионатында коло байге үчүн күрөшөтЭксперт: Кыргызстан бир нече жыл бою Россиядан күйүүчү май албай калышы мүмкүнКанат Эшатов: Кыргызстанда күйүүчү майдын чекене баалары жыл аягына чейин өзгөрбөйтКыргызстан менен Катардын ортосунда Ишкерлер кеңеши түзүлөт
Волейбол: Кыргызстан Азия чемпиону аталды
24.08.2019 | 18:47
Кыргызстандын волейбол боюнча улуттук курама командасы Азиянын аймактык чемпиону аталды.
Финалдык беттеш бүгүн 24-августта, Непалдын Катманду шаарында өттү. Анда улуттук курама команда Өзбекстанды 3:0 эсебинде жеңди.
22-августта өткөн жарым финалдык беттеште Кыргызстан курамасы Түркмөнстандын спорчуларына каршы ойноп, 3:0 эсеби менен жеңишке жетишип финалга жолдомо алган эле.
Белгилей кетсек, Азиянын аймактык зоналык биринчилиги үчүн Кыргызстан, Непал, Мальдив, Түркмөнстан, Өзбекстан, Бангладеш жана Афганистан өлкөлөрүнүн спортчулары намыс талашты.
Рубрики: Жаңылыктар, Спорт