Япония делегациясы Кыргызстанда адистерди даярдоо боюнча жолугушуу өткөрдү

Япония делегациясы Кыргызстанда адистерди даярдоо боюнча жолугушуу өткөрдү

Социалдык эмгек министрлигинин алдындагы Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору Япониянын инвестициялык жана кадрдык тобунун делегациясы менен Япония рыногу үчүн адистерди даярдоо маселесин талкуулады.

Жолугушууда Кыргызстандын жарандарын Японияга уюшкан ишке орноштуруу боюнча кызматташууну кеңейтүү маселеси көтөрүлдү. Кыргыз тарап, Япониянын эмгек рыногунун талаптарына жооп берген квалификациялуу адистерди даярдоого даяр экенин билдирди.

Атап айтканда, тейлөө сектору, IT технологиялары, медицина жана стоматология сыяктуу тармактарда адистер даярдоого көңүл бурулууда.

Жолугушууда Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борборунун директору Кудайбердиев кыргызстандык эмгек мигранттарын кесипкөй жана тил жагынан комплекстүү даярдоонун маанилүүлүгүн белгиледи.  Ал ошондой эле, кыргызстандыктардын чет жердеги эмгек укуктарын коргоо жана аларга туруктуу юридикалык колдоо көрсөтүүнүн маанилүүлүгүн айтты.

Жапон делегациясынын өкүлү кыргызстандыктар арасында жапон тилин үйрөнүп жаткандарды жогору баалап, бул даярдык Японияга ийгиликтүү интеграциялоого жардам берерин белгиледи. Тараптар социалдык долбоорлорду ишке ашыруу, ошондой эле бардык процедуралык маселелерди тез арада чечүү үчүн кызматташтыкты өнүктүрүүгө даяр экендиктерин билдирди.

Жолугушуунун жыйынтыгында, тараптар Кыргызстандык адистердин Японияга ишке орноштуруу процессин жеңилдетүү жана кызматташтыкты кеңейтүү үчүн бардык мүмкүнчүлүктөрдү колдонууга даяр экендиктерин ырасташты.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>