Япония кыргыз балын көп көлөмдө сатып алат

Япония кыргыз балын көп көлөмдө сатып алат

Япония “Бир айыл – бир продукт” долбоорунун алкагында кыргыз балын алты эсеге көбөйтүүнү пландоодо. Бул тууралуу Нарын облусунун Ат-Башы районунда эфир майларынын экстракттарын кайра иштетүү жана кургатылган чөптөрдү өндүрүү боюнча кичи цехтин ачылышында белгилүү болду.

Япониянын Кыргызстандагы элчиси Сигэки Маэданын “Акчабарга” билдиришинче, былтыр Японияга 10 миң тонна кыргыз балы экспорттолсо, быйыл 60 миң тоннаны жеткирүү пландалууда.

Ал кыргыз балына болгон суроо-талапты продукциянын сапаты жана өзгөчөлүгү менен түшүндүрдү.

“Алсак, Ак-Түздүн балы жөнүндө мурда билчү эмеспиз, ал абдан даамдуу. Суроо-талап болгондуктан, көлөмү көбөйөт. Биз дагы химиялык жана кошумчалары жок дары чөптөр, жаңгак жана башка азыктарга кызыктарбыз”, — деди элчи.

Тэги: бал Япония

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>