Япония Кыргызстанда скрипка менен виолончель чыгарууга кызыкдар

Япония Кыргызстанда скрипка менен виолончель чыгарууга кызыкдар

Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фондунда Япониянын Өнөр жай технологиялары институтунун профессору Митсухиро Маеда менен жолугушуу болду.

Жолугушууда конокко фонд тарабынан Кыргызстанда ишке ашырылып жаткан долбоорлор тууралуу маалымат берилген.

Митсухиро Маеда Кыргызстанда скрипка, контрабас жана виолончель чыгарган ишкана ачууга кызыкдар экенин билдирген. Анын айтымында, аталган музыкалык аспаптарды жергиликтүү материалдар менен япониялык технологиялар боюнча жасап, Япония жана башка мамлекеттерге экспорттосо болот.

«Долбоорго киришерден мурда бул жактагы кленго музыкалык аспаптарды чыгаруу боюнча япониялык стандарттарга туура келер-келбесин  аныктоо үчүн лабораториялык анализ жүргүзүү керек», — деди ал.

Ошол эле учурда фонддун башкаруучу директору Кайрат Итибаев, Кыргызстандагы клен кайсы бир себептер менен туура келбесе, керектүү материалдарды Россиядан ташып, аспаптарды Кыргызстанда жасоого болорун белгилеген. Аны менен бирге ал фонд Кыргызстандын экспорттук потенциалын өнүктүрүүгө кызыкдар экенин кошумчалаган. Мындай ишкананын ачылышы экономикага жана инвестициялык климатка оң таасир этмекчи.

«Биз улуттук музыкалык аспаптарды чыгарган кыргыз өндүрүүчүлөрүнүн байланыш-даректерин билип, профессор Маедага берели деп жатабыз. Алар иштешип кетет деген үмүттөнөбүз», — деди Итибаев.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>