Үйүнөн 150  миң сом алып кеткен. Ошто 24 жаштагы кыз изделүүдө

Үйүнөн 150  миң сом алып кеткен. Ошто 24 жаштагы кыз изделүүдө

Ош шаарынын 24 жаштагы тургуну Гаухар Жолболдуева изделүүдө. Бул тууралуу Ош облусунун милициясынан билдиришти.

Быйыл 26-майда милицияга Ош шаарынын 55 жаштагы М. А аттуу (аял киши) тургуну кайрылып, кызын издөөгө жардам берүүнү суранган. Ал кызы 26-май күнү болжол менен саат 10:00дө үйүнөн 150  миң сом жана алтын буюмдарды алып кетип, дайынсыз болуп жатканын билдирген. Анын пикири боюнча кызы Бишкекке кеткен болушу мүмкүн.

Бул окуя боюнча топтолгон материалдар каттоого алынып, аймактык караштуулугу боюнча Кара-Суу райондук милициясына жиберилген.

Милиция кызматкерлери тарабынан издөө иштери жүргүзүлүп жатканы менен Гаухар Жолболдуеванын жүргөн жери аныктала элек. Мындан улам милиция кызматкерлери коомчулукту издөө иштерине жардамдашууга чакырат.

Гаухар Жолболдуева жөнүндө маалыматы бар жана жүргөн жерин билген жарандар жакынкы милиция бөлүмүнө же 03232 53182, 0553 541010, 0778 181920, 0755 160492 номерине кайрылса болот.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: изделет

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>