Ымыркайын көчөгө таштап кеткен деп шектелип 20 жаштагы кыз кармалды

Бишкектин Арча-Бешик конушунда ымыркайын көчөгө таштап кеткен эне кармалды. Бул тууралуу Ленин райондук милициясынан билдиришти. Маалыматка караганда, шектүү катары 20 жаштагы С.Ж. аттуу жаш кыз кармалып, тергөө кызматына жеткирилген. Эскерте кетсек, 19-ноябрда болжол менен саат 22:45те Арча-Бешик конушунун Кара-Кужур көчөсүндө желим баштыкка оролуп, коробкага салынган ымыркай табылган. Баланы үй ээсинин кызы таап, милицияга кабар беришкен. … Читать далее Ымыркайын көчөгө таштап кеткен деп шектелип 20 жаштагы кыз кармалды