Ымыркайын көчөгө таштап кеткен деп шектелип 20 жаштагы кыз кармалды

Ымыркайын көчөгө таштап кеткен деп шектелип 20 жаштагы кыз кармалды

Бишкектин Арча-Бешик конушунда ымыркайын көчөгө таштап кеткен эне кармалды. Бул тууралуу Ленин райондук милициясынан билдиришти.

Маалыматка караганда, шектүү катары 20 жаштагы С.Ж. аттуу жаш кыз кармалып, тергөө кызматына жеткирилген.

Эскерте кетсек, 19-ноябрда болжол менен саат 22:45те Арча-Бешик конушунун Кара-Кужур көчөсүндө желим баштыкка оролуп, коробкага салынган ымыркай табылган. Баланы үй ээсинин кызы таап, милицияга кабар беришкен. Жерине кайгуул кызматкерлери барып, ымыркайды №2 төрөтканага жеткиришкен.

Ыымкарды төрөтканага жеткирген кайгуул кызматкери Толкунбек Ташболотов Reporter.kg’ге билдиргендей, бала табылганда оор абалда болгон.

«Үй ээлеринин кызы көрүп калып, милицияга чалышкан. Биз барганча балага эч ким тийбептир, бир аз кечиксек бөбөк чарчап калмак. Анткени аны целлофан пакетке ороп, оозуна даараткана кагазын тыгып коюптур. Денеси мупмуздак болчу. Ымыркай жаңы эле төрөлгөн, денеси ылай, киндигин дагы кескен эмес, үзүп койгон», — дейт Ташболотов.

Анын айтымыда, бүгүн эртең менен ал төрөтканага чалып, баладан кабар алган. Дарыгерлер баланын абал жакшырып калганын айткан.

«Бүгүн эртең менен кабар алдым. Баланын абалы жакшы дешти. Өзү дем алып жатыптыр», — дейт ал.

Бишкекте жаңы төрөлгөн ымыркайын көчөгө таштап кеткен окуя ноябрь айында экинчи ирет кайталанып жатат. Буга чейин 8-октябрда  Бишкектин Октябрь районунун Элебаев көчөсүндөгү таштанды челектен ымыркай табылган. Кийинчерээк баланы таштанды челекке таштап кеткен 21 жаштагы жаш кыз кармалды. Ага карата «өз баласынын өмүрүнө кол салуу аракети» айыбы менен иш козголгон.

Учурда жаш эне ооруканага жаткырылган.

«Кечиксек, бөбөк чарчап калмак». Бишкекте көчөгө ташталган дагы бир ымыркай табылды (видео)

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>