“Ынтымак” паркында көрсөтүлгөн эротикалык тасма талкууга түштү (видео)
28.09.2019 16:56
Бишкекке жаңы ачылган “Ынтымак” эс алуу жайындагы чоң экранда эротикалык сценалары бар фильм көрсөтүлгөнүн, окуяга күбө болгон шаар тургуну видеого тартып алып, инернет аркылуу шаар башчысына суроо салды.
“Бул жакында эле өзгөчө пияр менен ачылган жаңы эс алуу багы. Мындагы чоң экрандан эротикалык тасмалар көрсөтүлүп, элдер аны көрүп жатат. Урматуу Азиз Суракматов, бул эмне дегендик?” – деп кайрылган тургун калаа башчысына.
Азркы тапта видео интернетке тарап, социалдык тармактын колдонуучулары аны кызуу талкууга алышууда.
REPORTER.KG маалымат агенттиги. Бардык укуктар корголгон. Сайтта келтирилген материалдарды көчүрүп алуу басмакананын уруксаты менен жана булакка активдүү гипершилтемени милдеттүү түрдө көрсөтүү менен гана мүмкүн болот.