Өнөр жай, социалдык объектилерди жана суу сактагыч куруу: Президент Араван районун өнүктүрүү пландары менен таанышты12-апрелге карата аба ырайыАйга учкан «Артемида-2» миссиясынын экипажы Жерге кайтып келдиӨздөрүн УКМКнын кызматкери катары тааныштырып, алдап кетишкен. Бишкекте шектүү жаран кармалдыИнвестициялар боюнча улуттук агенттикте түрк ишканасы менен «жашыл» долбоорлорду каржылоо маселеси талкууланды11-апрель: Айрым аймактарда жаан жаашы күтүлөт
Ысабеков: 2022-жылга чейинки салыктык карыздар кечирилет
14.08.2025 | 14:53

Салык кызматынын төрагасынын орун басары Кубанычбек Ысабеков билдиргендей, 2022-жылдын 1-январына чейин түзүлгөн салыктык карыздар эсептен чыгарылат. Бул чара алты жылдан ашуун убакыттан бери төлөнбөй келген 12 миллиард сомго жакын карыздарды жабууга багытталган.
- Карыздардын ичинен мүлк салыгы жана транспорт каражаттары боюнча карыздар (сот чечими жок болсо) автоматтык түрдө жокко чыгарылат.
- Сот чечими бар болсо же салык кылмыштары боюнча тергөө жүрүп жатса, карыз эсептен чыгарылбайт.
- Мындан тышкары, салык төлөөчүнүн арызынын негизинде 2024–2025-жылдарга чейинки карыздар да жокко чыгарылышы мүмкүн.
Президент Садыр Жапаров кол койгон жаңы мыйзам бизнес үчүн жагымдуу чөйрөнү түзүүгө жана экономикалык туруктуулукту колдоого багытталган.
Рубрики: Жаңылыктар