Ысык-Көл обулсунун Тоң районунунда айылдашынын унаасын айдап качкан шектүү кармалды. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы билдирет.
Такталгандай, 4-февралга караган түнү Бөкөнбаев айылынын тургуну милицияга кайрылып, белгисиз адамдар үйүнүн алдында токтоп турган «ВАЗ-2121» үлгүсүндөгү автоунаасын айдап качканы боюнча арыз жазган.
Аталган факты Жазык кодексинин 206-беренеси (Автотранспорт каражаттарын айдай качуу) менен сотко чейинки өндүрүшкө алынып, ыкчам иликтөө иштери башталган.
Окуядан 3 саат өткөн соң, жол тескөөчүлөрү тарабынан кылмышка шектүү катары мурда сот жообуна тартылган 26 жаштагы Бөкөнбаев айылынын тургуну кармалган.
Териштирүү учурунда, шектүү унаа айдап качкандан кийин, Жети-Өгүз районунун Барскоон айылына барып, ал жерден дүкөнгө кирип, 8 мобилдик телефондорду жана Тосор айылынын дүкөнүнөн азык-түлүк товарларын уурдагандыгы милиция кызматкерлери тарабынан аныкталган. Бардык тийиштүү материалдар чогултулуп, райондук милиция берилген.
Кылмышка шектүү адам убактылуу кармоо жайына киргизилип, тергөө иштери уланууда.
[su_image_carousel source=»media: 19775,19776″]