Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунда бир катар алдамдарды алдап жүргөн шектүү кармалды.
Облустук милициянын маалыматына караганда, шектүүнүн үстүнөн Чоӊ-Сары-Ой жана Кара-Ой айылынын тургундарынан үч арыз түшкөн. Кайрылгандардын айтымында, шектүү алардын унааларын жана унаа тетиктерин сатып алып акчасын бербей качып жүргөн.
Бул кылмышка шектүү катары Ак-Суу районунун Теплоключенка айылынын тургуну К. уулу Мирбек кармалып, соттун чечими менен «үй камагына» алынган.
Эгерде, кимдир бирөө аталган жарандын колунан жабыркаса төмөндөгү телефондорго: 0709203087. 0709085530, же 102 кызматына кайрылышса болот.