Бул маалыматты «Кыргызалтын» ачык акционердик коомунун башкармалыгынын төрагасы Алмаз Алимбеков ырастады. Илбирстер менен кайберен мекендеген бул жер тилкеси 2009-жылдагы концессиялык келишим боюнча «Кумтөр голд» компаниясына алтын казууга кошумча берилип, анын эсебинен Кыргызстандын «Центеррадагы» акциялары көбөйтүлгөн. Бирок 2012-жылы өкмөт коомчулуктун басымы менен мамлекеттик коруктун аймагынан берилип кеткен жерди артка кайтарып алган.
Жаңы келишимге ылайык, аталган жерди мамлекетке кайра кайтарып алуу боюнча 2012-жылдагы өкмөттүн токтому жокко чыгарылды. Эми 2009-жылдагы концессиялык келишимдеги кен казууга кошумча жер аянттарын берүүнүн шарттары толук аткарылат.
«2009-жылы концессиялык келишим бекитилип жаткан учурда «Кумтөргө» кошумча кен казууга 26 миң гектар жер аянты берилген. Бирок 2012-жылы өкмөт бул токтомун жокко чыгарып, кошумча берилген жердин аянты 10 миң гектар эле болуп калган. Анан биз ошол 2009-жылдагы келишимдин шарттарын аткарыш үчүн 16 миң гектар жерди кайра кайтарып бердик. Анткени 2009-жылдагы келишимдин негизинде 26 миң гектар жер аянты кошумча кен казууга берилип, анын эсебинен биздин акциялар көбөйгөн. Ага чейин биздин «Центеррадагы» акциябыз 15% болсо, кийин 33% пайызга чыккан», — деди Алимбеков.
2009-жылы 6-июнда ошол кездеги өкмөттүн токтому менен «Сары-Чат — Ээр-Таш» мамлекеттик коругунун түштүк-батыш аймагындагы Кумтөргө жакын жер «Кумтөр голд» компаниясынын карамагына өткөн. 2010-жылы 14-июнда аталган коруктагы Кара-Сай, Коёнду жана Үч-Көл тилкелеринде геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүүгө уруксат берилген. 2012-жылы бул маселе өкмөттө каралып, «Өзгөчө кайтаруудагы жаратылыш аймактары жөнүндөгү» мыйзамда мамлекеттик корукта геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүүгө тыюу салынары көрсөтүлгөн.
«Сары-Чат — Ээр-Таш» экологиялык коругу 134 миң гектардан турат. Коруктун аймагында узундугу 14 чакырымдан ашык эң чоң Петров мөңгүсү бар. Корукту илбирс, аркар жана жапайы тоо эчкилер байырлайт. Мамлекеттик корук 1995-жылы уюштурулган. Ошол кездеги анын чек арасын аныктаган токтомдо Коёнду, Кара-Сай жана Үч-Көл тилкелери коруктун ээлигиндеги жер аянттары катары бекитилген.