Ысык-Көл облусунун жетекчиси Алтынбек Сулайманов аймактарды кыдырууда

Ысык-Көл облусунун жетекчиси Алтынбек Сулайманов аймактарды кыдырууда

Бүгүн, 11-апрелде президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек Сулайманов Балыкчы шаарынын жана Тоң районунун эли менен жолугушту. Ага 500дөн ашуун жергиликтүү тургундар катышты.

Балыкчыдагы Э.Думанаев атындагы маданият үйүндөгү жолугушууга 300дөн ашуун жергиликтүү тургундар катышты. Жыйын суроо жооп түрүндө өттү.

Балыкчылыктар жер, таза суу, мэриянын ишмердүүлүгү боюнча суроо узатышты. Ошондой эле бир катар социалдык көйгөйлөр айтылды. Тоңдуктар жер, жол, ирригация боюнча суроолорун узатып, жооп алышты.

Облус башчысы тиешелүү мекемелердин башчыларына көйгөйлөрдү ыкчам чечүү боюнча тапшырмаларды берди.

Эске салсак, Президент Садыр Жапаров облустагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө жарандар менен жолугушууларды өткөрүү боюнча тапшырма берген.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>