4-июлда президенттик администрациянын жетекчисинин орун басары Азамат Кадыралиев менен курулуш министри Нурдан Орунтаев Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунда жайгашкан “Жыргалаң” тоо курортундагы “Ала-Тоо Резорт” ири долбоорунун курулушу менен таанышышты. Бул тууралуу Курулуш министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, жылына 2 миллионго жакын туристти кабыл алууга ылайыкташтырылып жаткан ири комплекстин 3Д форматындагы эскизи толук даярдалды.
«Долбоордун курулушунун ар бир этабы жана башкы пландык корректурасы Шаар куруу жана архитектура департаменти жана “Ала-Тоо Резорт” мамлекеттик мекемеси тарабынан түзүлүүдө. Учурда долбоордук иштер толугу менен аяктап курулуш иштери жүрүп жатат»,- деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, аталган ири долбоор Президент Садыр Жапаров тарабынан демилгеленип учурда курулуш иштери жүрүп жатат.