Site icon Reporter.kg

Ысык-Көлдө дем алыш күндөрү 25 мас айдоочу кармалды

Өткөн дем алыш күндөрү Ысык-Көл облусунда эле 25 мас айдоочу кармалды. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, инспекторлор 5-6-августта облустун курорттук аймактарында рейд жүргүзгөн.

“Натыйжада 294 жол эрежесин бузуу фактысы аныкталган. Анын ичинен 25 айдоочу мас абалында болсо, 12 айдоочунун айнектери караңгылатылган. Унаа токтотуучу жайга 33 унаа коюлган”, — деп айтылат маалыматта.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version