Ысык-Көлдө дүйнөлүк “Рух Санат” салттуу маданият жана музыка фестивалы өтөт (программасы)Кыргызстандык окуучулар эл аралык биология олимпиадасында эки коло жеңиштиЧолпон-Атада “Ысык-Көл 2025” масштабдуу айыл чарба жарманкеси өтүүдөАйыл чарба министрлиги быйыл сугат суу 1 млрд куб метрге көп берилгенин билдирдиКыргызстан менен Глобалдык жашыл өсүү институту табигый кырсыктарды алдын алуу жаатында кызматташатТүркстан облусунда «Борбордук Азия» эл аралык борборунун курулушу башталды
Ысык-Көлдө дем алыш күндөрү 25 мас айдоочу кармалды
07.08.2023 | 20:02
Өткөн дем алыш күндөрү Ысык-Көл облусунда эле 25 мас айдоочу кармалды. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, инспекторлор 5-6-августта облустун курорттук аймактарында рейд жүргүзгөн.
“Натыйжада 294 жол эрежесин бузуу фактысы аныкталган. Анын ичинен 25 айдоочу мас абалында болсо, 12 айдоочунун айнектери караңгылатылган. Унаа токтотуучу жайга 33 унаа коюлган”, – деп айтылат маалыматта.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом