Ысык-Көлдө миңге жакын студент окуудан чыгарылды

Ысык-Көлдө миңге жакын студент окуудан чыгарылды

Ысык-Көл облусунун аймагындагы үч жогорку окуу жайынан 941 студент окуудан чыгарылды. Бул тууралуу УКМК билдирди.

Маалыматка ылайык, жүргүзүлгөн комиссиялык текшерүүдө жогорку окуу жайлардын жана атайын окуу жайлардын талаптарына баш ийбеген студенттер аныкталган.

  • К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинен 779 студент;
  • Ж.Баласагын атындагы КУУнун гуманитардык-табигый илимдер факультетинен 114 студент;
  • И.Ахунбаев атындагы Каракол медициналык колледжинен 48 студент окуудан чыгарылды;

УКМК жер-жерлерде билим берүү системасындагы коррупциялык көрүнүштөргө каршы күрөшүү жана анын сапатын жакшыртуу боюнча иштерди улантарын маалымдады.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>