Ысык-Көл облусундагы эс алуу борборлорунун биринен дайынсыз жоголгон өспүрүм бала Чүй облусунун аймагынан аман-эсен табылды. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук милициясынан билдиришти.
Маалыматка караганда, 20-июлда Ысык-Көл РИИБге Чүй облусунун Д.А. аттуу тургуну 13 жаштагы баласы белгисиз адамдар тарабынан уурдалгандыгын билдирген. Билдирүүгө ылайык, окуя Бостери айылындагы эс алуу борборлорунун биринин жээгинде саат 08:30 чамасында болгон.
Билдирүү райондук милициянын маалымат электрондук журналына катталып, кечиктирилгис ыкчам-издөө иш-чаралары башталган.
Ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында, ошол эле күнү саат 21:00 чамасында Чүй облусунун аймагында өспүрүм аман-эсен табылып, энесине тапшырылган.
Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 165-беренесинин негизинде кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары уланууда.
Тергɵɵнүн жыйынтыгы тууралуу кошумча маалымдалат.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз