Ысык-Көл облусунда жол эрежесин 138 жолу бузуп, айып пулун төлөбөй жүргөн айдоочу аныкталды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы (ЖКККББ) билдирди.
Маалыматка ылайык, Mercedes Benz Vito унаасынын ээси 2022-жылдан бери жол эрежелерине көңүл бурбай, мамлекетке 112 миң 400 сом карыз болуп калган. Айыптардын баары «Төлөм» порталында катталган.
Бул – жалгыз учур эмес. Буга чейин Ысык-Көлдө 169 жолу жол эрежесин бузган Жигулинин айдоочусу да аныкталган болчу.