Ысык-Көл облусунда туристтик сезонду утурлай унаалардын саны көбөйүп, жол эрежесин бузуу фактылары көбөйдү.
Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын (ЖККББ) басма сөз кызматы билдиргендей, облустун кооптуу аймактарында кырсыктардын алдын алуу үчүн дрон аппараттар колдонула баштады. Алар каршы тилкеге айдап чыгуу, эрежени бузуу менен ашып өтүү жана ылдамдыкты жогорулаткан айдоочулар үчүн колдонулат.
20 мүнөттүн ичинде дрондун жардамы менен жети жол эрежесин одоно бузуу фактысы катталган.
Ведомство буга чейин Бишкек-Ош жана Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолдорунда “Жол эрежелери абадан көзөмөлдөнөт” деген эскертүүчү белгилер орнотулганын эске салды. Туристтик сезондо бул каттамдарда эреже бузгандарды аныктоо жана тиешелүү чараларды көрүү үчүн дрондор да колдонулат.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз