Site icon Reporter.kg

Ысык-Көлгө чөгүп кетти делген спортчу аман-эсен табылды

Бүгүн, 6-августта Ысык-Көлгө чөгүп кетти делген спортчу аман-эсен табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Мындан мурдараак бүгүн болжол менен саат 13:00дө Тоң районунун Кара-Шаар айылынан Ысык-Көл районунун Тору-Айгыр айылын карай 15 спортчу көлдү сүзүп өтүүгө чыкканы, көлдүн ортосуна жеткенде чоң толкун болуп, 1 спортчу дайынсыз жоголгону кабарланган. Мындан улам аны издөө иштерине 8 куткаруучу тартылган.

Дайынсыз болуп жаткан спортчу 48 жаштагы Е.И.В аттуу жаран экенин аныкталган. Ал Тору-Айгыр айылынан көлдүн жээгине аман-эсен өзү сүзүп чыккан.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда

 

Exit mobile version