Zagreb Open мелдеши: Тыныбекова биринчи беттешинде жеңилип калды

Кыргызстандык балбан кыз Айсулуу Тыныбекова бүгүн, 3-февралда Zagreb Open рейтингдик мелдешиндеги (62 кг) биринчи кармашында кытайлык атаандашына жеңилип калды. Бул тууралуу Бириккен күрөш дүйнөсүнүн сайтында айтылат. Айсулуу Тыныбекова таймашты квалификациялык раунддан баштап, кытайлык Сяоцзюан Луо менен күрөшкөн. Таймаш 4:10 эсебинде аяктаган. Аталган мелдешке Айпери Медет кызы да (76 кг) катышууда. Ал килем үстүнө 4-февралда чыгат. … Читать далее Zagreb Open мелдеши: Тыныбекова биринчи беттешинде жеңилип калды