Путиндин Кремлде Уиткофф жана Кушнер менен сүйлөшүүлөрү — негизгилери13-ноябрда өлкөнүн көпчүлүк аймактарында жаан жана кар жаайтКлара Сооронкулова президенттикке талапкерлигин көрсөтүү боюнча БШКга арыз бердиӨкмөттө үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу чаралары талкууландыКР Кытай жана БА менен биргелешкен курулушка кызыкдар — ЖапаровКыргызстанда кубаттуулугу 15 МВт болгон суу үстүндөгү күн электр станциясы курулат
Zagreb Open мелдеши: Тыныбекова биринчи беттешинде жеңилип калды
03.02.2023 | 16:13
Кыргызстандык балбан кыз Айсулуу Тыныбекова бүгүн, 3-февралда Zagreb Open рейтингдик мелдешиндеги (62 кг) биринчи кармашында кытайлык атаандашына жеңилип калды. Бул тууралуу Бириккен күрөш дүйнөсүнүн сайтында айтылат.
Айсулуу Тыныбекова таймашты квалификациялык раунддан баштап, кытайлык Сяоцзюан Луо менен күрөшкөн. Таймаш 4:10 эсебинде аяктаган.
Аталган мелдешке Айпери Медет кызы да (76 кг) катышууда. Ал килем үстүнө 4-февралда чыгат.
Хорватиянын борборунда өтүп жаткан мелдеш Zagreb Open 1-февралда башталган. Ал 5-февралда жыйынтыкталат.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Спорт