Акын, журналист Зайырбек Ажыматовдун сөөгү 1-май күнү Бишкектеги “Ала-Арча” көрүстөнүнө коюлат.
Жакындарынын айтымында, маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнаты Дордой конушундагы үйүндө саат 9:30да башталат.
Эске салсак, акын 29-апрель күнү 44 жашында мезгилсиз дүйнөдөн кайтты. Анын артында төрт баласы — эки уул, эки кызы калды.