Замирбек Аскаров: Суу-жер ресурстары – өлкөнүн экономикалык өсүшүнүн негизи

Замирбек Аскаров: Суу-жер ресурстары – өлкөнүн экономикалык өсүшүнүн негизи

Суу-жер ресурстарын эффективдүү колдонуу – Кыргызстандын экономикалык өсүшүнүн негизги болуп саналат. Бул тууралуу вице-премьер-министр Замирбек Аскаров Чүй облусунун Красная Речка айылынын эмгекчилери менен жолугушууда айтты.

«Бизде суу бар – бул биздин негизги байлыгыбыз. Өкмөт ирригацияны өнүктүрүүгө олуттуу күч жумшап жатат. Ирригация жана талаптагыдай айыл чарба техникалары менен айрым өсүмдүктөрдүн түшүмдүүлүгүн эки эсе жогорулатууга болот», — деди Аскаров.

Замирбек Аскаров өлкөнүн агроөнөр жай комплексинде өнөр жайды тереңирээк интенсивдештирүүгө чакырды.

Анын айтымында, учурда калктын үчтөн эки бөлүгү айыл жеринде турат. Эмгек өндүрүшүн атаандаштык көрсөткүчүнө чейин жеткирүүнү жогорулатуу керек.

Жолугушуунун жүрүшүндө вице-премьер-министр жыйноочу айыл чарба техникаларынын, таңгактоо агрегаттарынын жана пресстегичтердин көрсөтүүсүн кыдырды.

Маалымдама: 2018-жылы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү айыл чарбасын колдоо үчүн бюджеттен «АЧК-6» программасы боюнча 6,6 млрд сом бөлгөн. 2019-жылдын августуна карата  «АЧК-7» программасы боюнча айыл чарбасындагы чарбалык субъекттерге 4,8 млрд сом бөлүнгөн. Үстүбүздөгү жылдын 30-майында канаттуулар фабрикаларын жана балык чарбаларын камсыздоо үчүн жем өндүрүүчүлөрдү кошумча нарк салыгынан бошотуу тууралуу мыйзам кабыл алынган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>