Жаңы түшкөн унаа жолдун ортосунда калып кеткен бетон түркүк, — фото

Жаңы түшкөн унаа жолдун ортосунда калып кеткен бетон түркүк, — фото

Бишкек шаарындагы көчөлөрдүн бириндеги бетон түркүк интернет колдонуучуларынын талкуусуна айланды. Анткени ал жаңы түшкөн жолдун автоунаа өтүүчү бөлүгүндө калып калган.

Айрым интернет колдонуучулары “шалакылык” деп ачуу сынды жаадырса, айрымдар “казылган, тешик жолдорго көнгөнбүз мындай өзгөчөлүк боло элек эле” деп шакабага айлантышты.

Интернет колдонуучулары аталган түркүк Бишкек шаарынын Чыгыш-5 кичи районундагы жолдордун биринде экенин жазышууда.

Мындан сырткары Бишкек шаарынын Манас жана Чүй көчөлөрүнүн кесилишиндеги  жаңы түшкөн  веложолдо да калып калган  мамыча сынга кабылды. 

Бул «өзгөчө» түркүктөр тууралуу азырынча Бишкек мэриясы үн ката элек. 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: Бишкек жол

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>