Бишкек шаарындагы көчөлөрдүн бириндеги бетон түркүк интернет колдонуучуларынын талкуусуна айланды. Анткени ал жаңы түшкөн жолдун автоунаа өтүүчү бөлүгүндө калып калган.
Айрым интернет колдонуучулары “шалакылык” деп ачуу сынды жаадырса, айрымдар “казылган, тешик жолдорго көнгөнбүз мындай өзгөчөлүк боло элек эле” деп шакабага айлантышты.
Интернет колдонуучулары аталган түркүк Бишкек шаарынын Чыгыш-5 кичи районундагы жолдордун биринде экенин жазышууда.
К открытым люкам я уже привык. Подумаешь, колесо вырвет. Но встретиться со столбом на дороге — это уже перебор. Восток 5.? pic.twitter.com/RyUYd0tbRo
— Azamat Akeneev (@akeneev) September 16, 2020
Мындан сырткары Бишкек шаарынын Манас жана Чүй көчөлөрүнүн кесилишиндеги жаңы түшкөн веложолдо да калып калган мамыча сынга кабылды.
Новая велодорожка: Манаса-Чуй ??? pic.twitter.com/a7HGjIDgQ0
— USB 2.0 (@callme_Missha) September 16, 2020
Бул «өзгөчө» түркүктөр тууралуу азырынча Бишкек мэриясы үн ката элек.