Жааган жамгырдан улам Чүйдүн тоолуу аймагында сел жүрдү

Жааган жамгырдан улам Чүйдүн тоолуу аймагында сел жүрдү

Бүгүн, 20-июнда катуу жааган жамгырдан улам Чүй облусундагы «Ысык-Ата» курортуна жакын жайгашкан тоолуу аймакта сел жүрдү. Бул тууралуу Чүй облустук милициясы билдирди.

Маалыматка ылайык, селден улам ылай жана таштар жолго түшүп, унаа жолду каптап калган. Натыйжада жол кыймылы кыйындаган.

Чүй облустук милициясы жеринде коомдук тартип камсыздалып, айдоочуларга кооптуу тилкени өтүүгө жардам берилип жатканын билдирди.

Тэги: сел Чүй

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>