Жактоочу ири өлчөмдөгү алдамчылыкка шектелип кармалды

Ички иштер министрлиги ири суммадагы акча каражатын алдамчылык жолу менен ээлеп алган деген шек менне жактоочуну кармады.
Мекеменин маалыматында, ИИМге жаран К.Э. арыз менен кайрылган. Арызда 2024-жылдын февраль айынан октябрь айына чейин өздөрүн «Р.А.» жана «К» деп тааныштырган аялдар жогорку кызматтагы адамдар менен байланышы бар экенин айтып, Бишкек шаарынан базар баасынан арзан батирлерди жана автоунааларды алып берүүнү убада кылышкандыгы белгиленген. Шектүүлөр жабырлануучудан жалпы 90 миң долларды алдамчылык жолу менен ээлеп алышкан.
Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин “Алдамчылык” беренеси менен кылмыш иши козголду.
Тергөө иштеринин жүрүшүндө шектүүлөрдүн бири аныкталып, ал 42 жаштагы А.Р. экендиги такталды. Ал 2008-жылдан бери адвокаттык ишмердүүлүк менен алектенет жана Чүй облустук адвокатурасынын мүчөсү болуп саналат. Анын буга чейин дагы бир нече жарандарды ушундай ыкма менен алдап келгени аныкталган.
Учурда А.Р. шектүү катары кармалып, Бишкек шаардык ИИББдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда тергөө иштери улантылууда.