Жалал-Абад казыятына 6,5 миң Куран китеби жеткирилди, – сүрөт

Жалал-Абад казыятына 6,5 миң Куран китеби жеткирилди, – сүрөт

Жалал-Абад облустук казыятына 6552 даана Куран китеби берилди. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Кечээ, 15-сентябрь күнү Жалал-Абад облустук мусулмандар казыятына Кыргызстан мусулмандарынын Дин Башкармалыгы тарабынан жиберилген 6552 даана Ыйык Куран китеби тапшырылган.

Бул Куран китептери облустун аймагындагы ар бир мечитке жана диний окуу жайларга 8 даанадан таратылат.

“Куран китептери Жалал-Абад шаарына 248 даана, Сузак районуна 1776 даана, Базар-Коргон районуна 960 даана, Ноокен районуна 656 даанадан таркатылып берилди. Ал эми облустун башка аймактарына дагы толугу менен таратылат”, — деп айтылат маалыматта.

[su_image_carousel source=»media: 40960,40961,40962″ crop=»none» autoplay=»4″]

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>