«Жалал-Абад» жана «Баткен» аэропорттору 1-августтан тарта оңдоо иштери үчүн жабылат. Бул тууралуу «Манас» эл аралык аэропортунан билдиришти.
Маалыматка караганда, оңдоо иштери аэропорттун учуп-конуучу тилкесинде жүргүзүлөт. Ал аэропорттор ишке берилген жылдан бери оңдоодон өткөн эмес. Мындан улам учактардын учуп-конуусунун коопсуздугу үчүн оңдоо иштерин жүргүзүү зарыл.
Оңдоо иштерин быйыл 1-ноябрда бүткөрүү пландалууда.
«Манас» аэропорту келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт.
Бардык жаңылыктар Телеграм каналда