Site icon Reporter.kg

«Жалал-Абад» жана «Баткен» аэропорттору оңдоого жабылат

«Жалал-Абад» жана «Баткен» аэропорттору 1-августтан тарта оңдоо иштери үчүн жабылат. Бул тууралуу «Манас» эл аралык аэропортунан билдиришти.

Маалыматка караганда, оңдоо иштери аэропорттун учуп-конуучу тилкесинде жүргүзүлөт.  Ал аэропорттор ишке берилген жылдан бери оңдоодон өткөн эмес. Мындан улам учактардын учуп-конуусунун коопсуздугу үчүн оңдоо иштерин жүргүзүү зарыл.

Оңдоо иштерин быйыл 1-ноябрда бүткөрүү пландалууда.

«Манас» аэропорту келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Exit mobile version