Жалал-Абадда селсаяктарды мончого түшүрүү үчүн тендер жарыяланды. Бул тууралуу мамлекеттик сатып алуулар порталына 10-декабрда жарыяланган.
Анда жазылып тургандай, 25 үй жайсыз адамды мончого түшүрүү үчүн 3750 сом каралган.
Жалал-Абад шаардык мэриясынын алдындагы үй-бүлөгө жана балдарга жардам берүү кайрымдуулук борбору өткөрүп жаткан тендер 13-декабрда аяктайт.
сүрөт: 24.kg