Жалал-Абад шаарында заманбап жаңы аймактык оорукана курулат. Курулуштун башталышына арналган капсула салуу аземине Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев катышты.
Бул долбоор жергиликтүү медицина кызматкерлеринин оорукана имаратын реконструкциялоо жана жаңыртуу боюнча өкмөткө кайрылуусунун негизинде ишке ашырылып жатат.
Жети кабаттуу оорукана 280 орунга ылайыкталып, акыркы үлгүдөгү медициналык жабдуулар менен камсыздалмакчы. Ошондой эле оор абалдагы бейтаптарга ыкчам жардам көрсөтүү максатында тик учак аянтчасы да курулат.
Курулуш иштери республикалык бюджеттен каржыланып, оорукана 2026-жылга чейин пайдаланууга берилет деп пландалууда.
“Жаңы оорукананын ишке кириши менен Жалал-Абад аймагында медициналык кызмат көрсөтүүнүн сапаты жогорулап, калкка жеткиликтүү жана натыйжалуу жардам көрсөтүү мүмкүнчүлүгү артмакчы”,-деп айтылат маалыматта.