Жалал-Абадда 900 млн сомго эки имарат жана борбордук аянт салынат

Жалал-Абад облустук администрациянын, шаардык мэриянын жаңы имараттарын жана борбордук аянт курууга тендер жарыяланды. Бул тууралуу Мамлекеттик сатып алуулар порталында айтылат. Эки имаратты жана борбордук аянтты салууга 900 млн сом каралган. Тендер боюнча арыздар 4-июлга чейин кабыл алынат. Сынакты уткан компания курулуш иштерин 2025-жылдын 31-июлуна чейин бүткөрүшү керек.