Кыргызстанда 500 мектепте шахмат ийримдери ачылып, керектүү жабдуулар жеткирилүүдөСадыр Жапаров поезд кырсыгына байланыштуу Испаниянын королу Фелипе VIга көңүл айттыУлуттук банк шылуундар жасалма сертификат колдонуп, алдамчылык кылып жатышканын эскертти«Түндүк» иштебей, күрөө катталбай жатат — мекемелердин жообуКыргызстанда деградацияга учураган жайыттарды калыбына келтирүү программасы иштелип чыктыБоом капчыгайында 2–6-ноябрда таш түшүрүү иштерине байланыштуу кыймыл чектелет
Жалал-Абадда 900 млн сомго эки имарат жана борбордук аянт салынат
20.06.2024 | 14:50
Жалал-Абад облустук администрациянын, шаардык мэриянын жаңы имараттарын жана борбордук аянт курууга тендер жарыяланды. Бул тууралуу Мамлекеттик сатып алуулар порталында айтылат.
Эки имаратты жана борбордук аянтты салууга 900 млн сом каралган.
Тендер боюнча арыздар 4-июлга чейин кабыл алынат.
Сынакты уткан компания курулуш иштерин 2025-жылдын 31-июлуна чейин бүткөрүшү керек.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом