Жалал-Абадда алимент төлөбөгөн жаран эки жылга эркинен ажыратылды

Жалал-Абад облустук соту алимент төлөөдөн качкан жаранды эки жылга эркинен ажыратуу өкүмүн чыгарды. Бул тууралуу Башкы прокуратурага караштуу Сот аткаруучулар кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Жалал-Абад шаардык сотунун 2018-жылдагы чечими менен Т.Ш.А. аттуу жаран кирешесинин жарымын алимент катары төлөөгө милдеттендирилген. Бирок ал алимент төлөбөй, 2025-жылдын март айына карата анын карызы 700 000 сомду түзгөн. Бул жагдай боюнча сот аткаруучулар материалдарды ички иштер органдарына өткөрүп беришкен.
Манас шаардык сотунун 2025-жылдын 27-ноябрындагы өкүмү менен карызкорго пробациялык көзөмөл колдонулган. Бирок Жалал-Абад облустук соту 2026-жылдын 26-февралында бул өкүмдү өзгөртүп, айыпталуучу Т.Ш.А.ны сот залынан 2 жылга эркинен ажыратты.
Сот аткаруучулар кызматы алимент төлөө милдетинен качкан жарандарга карата мыйзамда каралган чаралар колдонуларын эскертет.