Жалал-Абад облусунда турак үйгө чагылган түштү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, бүгүн, 8-апрелде таңкы саат 04:15тер чамасында Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн Кара-Инген айылындагы тоонун этегинде (көчөсү жок) жайгашкан турак үйгө чагылган түшүп, күйүп кеткен.
«Турак үй өрттөнүп жаткан учурда 2009-жылы туулган Б.А., 2009-жылы туулган Б.Э. (эгиз балдар) жана 2009-жылы туулган А.М. аттуу эркек балдар терезеден качып чыгышкан. Алардан башка үйдүн ичинде эч ким болгон эмес. Жабыркандар жок», — деп айтылат маалыматта.
Ал эми жогоруда аталган балдар туугандарыныкына жайгаштырылган. Жеринде Жарандык коргонуу комиссиясы тарабынан акт түзүлүп, турак үй жараксыз экени аныкталган.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз