Жалал-Абадда эпидемиологиялык көзөмөл күчөтүлөт

Жалал-Абадда эпидемиологиялык көзөмөл күчөтүлөт

Жалал-Абад шаарында эпидемиологиялык абалды эске алуу менен беткап тагуу режими күчүнө кирет. Бул тууралуу аталган калаанын мэриясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 31-мартта санитардык талаптарды аткаруу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

“Тийиштүү тармактардан түзүлгөн 4 топ тарабынан шаардын аймагындагы мекеме-ишканаларга, банктарга, соода жайларына, коомдук тамактануучу жайларга, базарларга эскертме кагаздары берилди. Аларды санитардык эрежелерди сактоого чакырып, беткап тагынып, антисептикалык каражаттар менен иштөөнү айтышты”, — деп айтылат маалыматта.

Ал эми учурда Жалал-Абад шаарында коронавирус менен 12 адам ооруп жаса, жыл башынан бери 37 адамдан илдет аныкталган.

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>