Жалал-Абадда имам милиционер менен өспүрүм кызга нике кыйган

Жалал-Абадда имам милиционер менен өспүрүм кызга нике кыйган

Жалал-Абад облусунун Сузак районунун прокуратурасы никеге туруу курагы боюнча мыйзам бузуу фактысын аныктады.

Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы 28-сентябрда билдиргендей, Сузак райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкери 1994-жылы туулган Э.К., Базар-Коргон районунун жашы жете элек 2005-жылы туулган тургуну К.Х.га үйлөнүүнү чечкен. 2021-жылдын 20-декабрында Акман айыл өкмөтүнүн имамы И.Р. аларга нике кыйган.

Аталган факты боюнча көзөмөл органы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 175-беренеси («Диний ырым-жырымдарды өткөрүүдө никеге туруу курагын чектөө») боюнча кылмыш иши козголгон.

Милиция кызматкери, кыздын апасы К.В.га жана имамга айып тагылган. Ошондой эле, укук коргоо кызматкери ээлеген кызматынан бошотулган.

Кылмыш иши Сузак райондук сотуна жөнөтүлдү.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>